www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу маалымат берип, Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 994,9 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 2 млрд 507 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 3 млрд сомго жеткирүү пландалууда.
Мындан тышкары, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын көлөмү 1 млрд 766,3 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 2 млрд 838 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 млрд сом көлөмүндө инвестиция тартуу пландалууда.
Аким салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасын белгилеп, 2021-жылы бул көрсөткүч 340,8 млн сомду түзгөнүн кошумчалады. 2026-жылдын 9 айында түшүүлөр 735,8 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 млрд сомдон ашары күтүлүүдө.
Курулуш тармагында билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт чөйрөлөрүндө 91 объект пайдаланууга берилгени маалым. Өнөр жай тармагында 13 жаңы ишкана ачылып, 138 жумуш орду түзүлгөн. Алардын катарында эки чакан гидроэлектр станциясы, «Тянь-Шань» ишканасы, асфальт заводу, таш майдалоочу төрт цех, товардык бетон өндүрүүчү ишкана, пеноблок жана газоблок чыгаруучу завод, тигүү цехи жана башка ишканалар бар.
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча учурда 21 айылда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Иштердин жалпы наркы 574,3 млн сомду түзөт.
Кадамжай шаарында 2011-жылы болгон жер титирөөнүн кесепетинен көп батирлүү жети үй авариялык абалга келген. Учурда алардын ордуна жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу иштери башталды. Долбоор жеке компаниялардын бири тарабынан ишке ашырылууда.
Андан соң Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев маалымат берди. Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылы – 565 млн сомду, 2022-жылы – 622,4 млн сомду, 2023-жылы – 762 млн сомду, 2024-жылы – 1 млрд 665,2 млн сомду, 2025-жылы – 1 млрд 966,4 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1 млрд 581,2 млн сомго жетип, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 368,8 млн сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 129,7 пайызды түзгөн. Инвестициялардын көлөмү 2021-жылы – 595,9 млн сомду, 2022-жылы – 605,9 млн сомду, 2023-жылы – 664,7 млн сомду, 2024-жылы – 712,7 млн сомду, 2025-жылы – 997,5 млн сомду түзгөн.
2026-жылдын 9 айында инвестициялардын көлөмү 925,1 млн сомго жетип, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 199 млн сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 127,4 пайызды түзгөн. 2026-жылы шаарда жана райондо бир катар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылууда.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эки ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат. Биринчи долбоор — транспорттук-логистикалык комплекс куруу. Анда 13 гектар жер тилкесинде транспорттук-логистикалык комплексти курууну каралган. Долбоордун жалпы наркы 3 млрд сомду түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 5 000 жумуш ордун түзүү пландалууда. Экинчи долбоор — Кызыл-Кыя шаарында жаңы кичи район куруу. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 71 гектар аянтта жаңы кичи район куруу мерчемделүүдө. Долбоордун алдын ала эсептелген наркы 30 млрд сомду түзөт.
Соңунда Президент Садыр Жапаров белгиленген демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруунун жана Кадамжай районунун жана Кадамжай шаарынын социалдык-экономикалык потенциалын мындан ары чыңдоонун зарылдыгына көңүл бурду.