www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү фактыларынын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлүүдө.
Свердлов районундагы «МТФ-2» жана «Нуркожо-Ата» конуштарында текшерүүлөр өткөрүлүп, жергиликтүү тургундарга жер мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Октябрь районунда №407 жана №406 муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймактарында, ошондой эле Анар-Бак конушундагы №232, №172 жана №154 контурларда рейддер уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана өз алдынча курулуш жүргүзүү фактылары аныкталган жок.

Ленин районунда №106, №107 жана №109 муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймактарында, ошондой эле №105, №106, №107 жана №166 контурларда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул аймактарда да мыйзамсыз курулуш фактылары катталган эмес

Ал эми Ак-Ордо конушундагы №203 (№520 контур), №2627 (№498 контур) жана №142 (№520 контур) жер тилкелеринде мыйзамсыз курулуш иштери жүрүп жатканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, Биринчи Май районунда муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин жана мэриянын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анын жыйынтыгында күн сайын рейддик иш-чараларды уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.
Мэриядан белгилешкендей, рейддер менен катар калк арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Тургундарга жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жол берилбестиги жана жерге болгон укуктарды мыйзамда белгиленген тартипте каттоо зарылдыгы эскертилүүдө.
Борбор калаанын бардык райондорунда жер мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана жер пайдалануу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча рейддик жана профилактикалык иш-чаралар улантылат.