www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы эл аралык аэропортуна жасалган чабуулдардын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сауд Арабиясындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу, министрлик өлкөгө сапарга барууну пландаган же анын аймагында жүргөн мекендештерге өздүк коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт.
Жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө көз салуу жана алардын көрсөтмөлөрүн аткаруу, авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын статусун алдын ала тактоо, ошондой эле кооптуу болушу мүмкүн болгон райондорго жана чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан кармануу сунушталат.
Кошумча маалымат алуу же консулдук-укуктук жардам үчүн кыргызстандыктар Сауд Арабиядагы элчиликке +966 58 376 9945 жана +966 11 229 32 72 телефондору аркылуу, ошондой эле ТИМдин Консулдук департаментине +996 999 312 002 телефону аркылуу кайрыла алышат.