www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы Король Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган чабуулдан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 309 адам жаракат алды. Бул тууралуу 11-октябрь, жекшемби күнү Сауд Арабиясынын Жарандык авиация башкармалыгы билдирди.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, дипломатиялык булак окуя үчүн Йемендеги хуситтерди жооптуу деп эсептеп, алар аэропортко ракета атканын билдирди.
Каза болгондордун арасында Сауд Арабиясынын төрт жараны, Бангладештин эки жараны, ошондой эле АКШнын, Египеттин, Иорданиянын, Сириянын, Палестинанын жана Судандын бирден жараны бар. Жаракат алгандардын айрымдарынын абалы оор экени айтылды.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул аэропортко бир жуманын ичинде жасалган үчүнчү чабуул болду.
Маалымат булактарынын билдиришинче, ооруканалар жаракат алгандарга толуп, жабыркагандар тез жардам унаалары жана тик учактар менен жеткирилген.
Ошондой эле Сауд Арабиясынын коркунуч тууралуу эскертүү системасы иштебей калганы кабарланды.
Чабуул алдын ала эскертүүсүз болгон. Ушул аптада аэропортко жасалган буга чейинки эки чабуулдан төрт адам каза болуп, Сауд Арабиясынын коммерциялык учагына олуттуу зыян келтирилген.
Ишемби күнкү чабуулдан кийин Эр-Риядга багыт алган бардык каттамдар башка аэропортторго бурулган. Калкынын саны болжол менен 8 миллионго жеткен шаарды тейлеген аэропорттун иши убактылуу токтотулган.
Хуситтер X социалдык тармагында авиакомпанияларды Сауд Арабиясынын аба мейкиндигинен учпоого чакырып, өлкөнүн аба мейкиндигин «аскердик операциялар аймагы» деп жарыялашкан.