www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борборунда прокуратуранын имаратына жакын жерде чет өлкөлүк жаран зордукталган. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары Kaktus.media редакциясына билдиришкен.

Алардын айтымында, 9-октябрга караган түнү саат болжол менен 05:30да Токтогул көчөсүндө, Свердлов райондук прокуратурасынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын имараттарына жакын жерде белгисиз 6-7 жаш жигит 2002-жылы туулган адамга кол салышкан.

Андан соң бычак менен коркутуп, ага күч колдонуу менен коркутуу аркылуу уюлдук телефонун, акчасын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан кийин эркек кишини даракка байлап, жакындарынын маалыматына караганда, зордукташкан.

Жабырлануучунун жакындарынын билдиришинче, ал Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ошондой эле өз өлкөсүнүн консулдугуна да кайрылган.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы жакынкы убакта маалымат берерин билдиришти.

Последние новости