www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тартып унаалардын мамлекеттик номерлери менен техникалык паспортторун ээлеринин үйүнө жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы тартип киргизилсе, унаасын каттоодон өткөргөн жарандар мамлекеттик номерин жана техникалык паспортун алуу үчүн кайрадан тиешелүү мекемеге барууга муктаж болбойт. Документтер жана номерлер түз эле үйүнө жеткирилет.
Туманбаев учурда өлкөдө тиешелүү процедуралардын 89–90 пайызы онлайн режимде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.