www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамы жаңыланып, башкы директору алмашты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21-октябрында директорлор кеңешинин төрагасы Камчыбек Кускаковдун жана кеңештин мүчөлөрү Талант Садакбаев менен Максат Атантаевдин ыйгарым укуктары токтотулган.
Директорлор кеңешинин төрагалыгына Тимур Ташкулов, мүчөлүгүнө Талантбек Апсаматов жана Бактыбек Сталбек уулу дайындалды.
Тимур Ташкулов — Ички иштер министрлигинин запастагы полковниги, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Ал буга чейин ички иштер органдарында ар кандай оперативдик кызматтарда, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинде, Өкмөттүн аппаратында жана Президенттин администрациясында иштеген. Ошондой эле банк тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Учурда Кыргызстандын Көз карандысыз директорлор палатасынын мүчөсү.
Мындан тышкары, башкы директор Алманбек Исмаиловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын ордуна Улан Акбаров дайындалды. Исмаилов бул кызматка 2025-жылы дайындалган.
Улан Акбаров буга чейин «Рассвет компани» көмүр компаниясында иштеген. Ошондой эле «Ишеним» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон.
«Кыргызиндустрия» ААКсынын жалгыз акционери — Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы.