www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Жыргалан» санаторийинин кызматкерлеринин эмгек акысы жыл аягына чейин жогорулатылат. Ошондой эле санаторийде жаңы үч кабаттуу мончо комплекси ноябрь айында пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин санаторийге болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан санаторийге барып, курулуп жаткан мончо комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жалпы аянты 2 872,9 чарчы метрди түзгөн комплексте дарылоочу ванналар, массаж кабинеттер, SPA-зоналар, мончолор жана эс алуу жайлары болот. Эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө зоналар каралган.

Сапардын алкагында санаторийдин жамааты менен да жолугушуу өткөрүлүп, кызматкерлердин эмгек акысы жана иштөө шарттары талкууланды. Каныбек Туманбаев келерки жылы да айлык акыны жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин санаторий Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп, узак убакыт бою талаптагыдай иштеген эмес. Кызматкерлердин айрымдары айына 5 миң сомдон эмгек акы алып келишкен.

Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөндөн кийин санаторийде жаңылоо иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылган. Учурда мекеменин ишмердүүлүгүн жандандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда.

Каныбек Туманбаев санаторийди өнүктүрүү менен катар кызматкерлердин эмгегин татыктуу баалоо жана алардын иштөө шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.

Последние новости