www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган XXI кылым түрк дүйнөсүнүн кылымы болоруна ишеним билдирди. Бул тууралуу ал Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин алдында жарыяланган макаласында жазды.

Эрдоган түрк мамлекеттерин экономика, соода, транспорт, энергетика, технология жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле ал Азия менен Европаны байланыштырган Ортоңку коридорду өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Түрк тилдерин жасалма интеллект доорунда өнүктүрүү жана жалпы түрк алфавитин жайылтуу да артыкчылыктуу багыттардын катарына кирди. Президент жалпы маданий мурасты сөз кылып, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду да эскерди.

Эрдогандын айтымында, түрк мамлекеттеринин интеграциясы ар бир өлкөнүн эгемендигин жана улуттук кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек.

Последние новости