www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы жүргүзүлгөн рейд учурунда жырткыч куштарды көгүчкөндөрдү жем катары жана тордун жардамы менен мыйзамсыз кармоого аракет кылган жарандар аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, аныкталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 12 миң 500 сом айып пул салынды.
Текшерүү учурунда жарандардан бир даана тор табылып, ал өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген. Жырткыч куштарды кармоо үчүн жем катары пайдаланылган 10 көгүчкөн эркиндикке кое берилди. Ал эми жарандардын жанынан жырткыч куштар табылган эмес.
Регионалдык башкармалык жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого, мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого жол бербөөгө чакырат.