www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептен өрт чыгып, 120 адам өз алдынча эвакуацияланды. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 29-октябрда Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектепте чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 60 чарчы метрди түзгөн. Учурда анын чыгуу себептери такталууда.