www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош Техноголиялык университетине караштуу коллеждин үч студенти Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин сабоого шектелип кармалышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдагандай, 28-октябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандардын бир адамды уруп жатканы тартылган видео тараган. Шаардык милиция окуянын кайда болгонун жана андагы адамдарды тактап, жыйынтыгында ОшТУга караштуу колледждин 1-курсунун студенттери: 16 жаштагы өспүрүмдөр: Н.Э.(негизги уюштуруучусу катары шектүү), А.Д жана 15 жаштагы А.А. кармалышкан.

«Тергөө кызматынын баштапкы маалыматына караганда, 27-октябрь күнү шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин аталган окуу жайдын спорт талаасына жакын жерде токмоктошкон. Учурда окуя боюнча ар тараптуу иликтөөлөр башталды, жабырлануучулардын алган жараатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.

Последние новости