www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү 50 датчик орнотулду

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт. Датчиктерден алынган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жаратылыш ресурстары министрлигине жана Бишкек мэриясына жөнөтүлүп турат.

Абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтындагы картадан онлайн көрүүгө болот. Анда абанын булгануу көрсөткүчтөрү жана акыркы 24сааттагы зыяндуу заттардын концентрациясы берилет.

Последние новости