www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөндүгүнө байланыштуу автобус айдоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларына көңүл бурулду.
Мэр Айбек Жунушалиев Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте автобустардын айдоочуларын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана аныкталган ар бир тартип бузуу боюнча административдик протоколдорду түзүүнү камсыз кылууну тапшырды.
Эми автобустардын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежесин бузган ар бир учур үчүн айып пул салуу менен административдик протоколдор түзүлөт, аны айдоочулар өз алдынча төлөөгө милдеттүү болушат.
Мындан тышкары, тартип бузуулар катталган автобустар айып короосуна киргизилип, анын кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгымдар да белгиленген тартипте күнөөлүү айдоочуларга жүктөлөт.
Коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн автобустарга бирдиктүү WhatsApp номерин жайгаштыруу пландалууда. Ал аркылуу жүргүнчүлөр жол кыймылынын эрежелерин бузуулар тууралуу фото жана видеоматериалдарды жөнөтө алышат.
Ошондой эле түшкөн маалыматтар боюнча, 100–140 миң сом өлчөмүндө эмгек акы алуу үчүн саат 07:00дөн 00:00гө чейин иштеген айрым айдоочулардын жумуш убактысынын ашыкча узактыгы тууралуу маалыматты текшерүү тапшырылды. Маалыматтарды текшерүү жана белгиленген эмгек жана эс алуу режиминин сакталышын камсыз кылуу милдети коюлду.
Кеңешменин жыйынтыгында ишкананын жаңы жетекчилигине чет элдик жарандарды айдоочулук кызматтарга тартуу маселесин иштеп чыгуу, аларды ишке орноштуруу шарттарын иликтөө, ошондой эле коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн айдоочулардын резервин түзүү тапшырылды.