www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо токой чарбасынын жамааты менен жолугушуп, токойлорду калыбына келтирүү жана токой фондунун аянтын кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Министр токойлорду коргоо жана сактоо менен катар сапаттуу көчөт материалдарын даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле көчөтканага барып, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалын көрүп, алардын сапатына оң баасын берди.
Жабык тамыр системасы менен көчөт өстүрүү ыкмасы өсүмдүктөрдүн жерге отургузулгандан кийинки жерге көнүүсүн жакшыртууга, өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүүгө жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Тогуз-Торо токой чарбасы 1997-жылы түзүлгөн. Анын жалпы аянты 54 миң 874,5 гектарды түзөт. Чарбанын курамына үч токой бөлүмү кирет: Беш-Көл — 19 миң 476,6 гектар, Макмал — 20 миң 351 гектар жана Көк-Ирим — 15 миң 46,9 гектар.
Маалыматка ылайык, токой чарбасындагы токойлуу жерлердин жалпы аянты 9 миң 542,5 гектарды түзөт.