www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери Кыргызстандын суу объектилеринен 160 миң 90 метрден ашык балык уулоочу тор жана 3 миң 660 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.

Тазалоо иштери Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарында, ошондой эле өлкөнүн башка суу объектилеринде уюштурулууда.

Иш-чаралар «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө» мыйзамга жана айрым суу объектилеринде балыкты өнөр жайлык жол менен кармоого мораторий киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, суу объектилеринде калган эски синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, алардын торго чырмалышып өлүшүнө алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, торлор жана таштандылар суу экосистемаларына терс таасирин тийгизип, биологиялык ар түрдүүлүккө зыян келтирет.

Ушуга байланыштуу суу объектилерин торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Последние новости