www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри чиновниктерди «бир койдун этин жейсиңерби» деп сындады
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкердин ишкерден түшкү тамак үчүн 5 миң сом алганы тууралуу маалыматка нааразы болду.
Ал мэриядагы жыйында окуяны териштирип, акча алган кызматкерге карата чара көрүүнү, анын ичинде кызматтан бошотуу маселесин кароону тапшырды.
Мэр коррупцияга аралашкан кызматкерлер кызмат ордуна карабастан жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда мэриянын кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Шаар тургундары мыйзам бузуулар тууралуу 0312 979195 телефон номери аркылуу, 0603 жана 0602 ички номерлерине билдире алышат.