www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-октябрда көрүнүктүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Роза Төрөкуловна Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Роза Айтматова 2026-жылдын 26-октябрында 89 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы болгон.
Маркум өмүрүн илимге, билим берүүгө жана коомдук ишмердүүлүккө арнап, Кыргызстандын интеллектуалдык жана руханий өнүгүшүнө салым кошкон. Анын илимий эмгектери, билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү жана коом алдындагы кызматы жогору бааланат.
Аза күтүү зыйнатына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маркумдун туугандары, кесиптештери жана жакындары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Роза Айтматованын адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин жана илим-билим тармагына кошкон салымын эскеришти. Ошондой эле анын өрнөктүү өмүр жолу жаш муундар үчүн үлгү болуп каларын белгилешти.
Маркумдун жаркын элеси, жасаган эмгектери жана адамдык асыл сапаттары элдин эсинде сакталат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.