www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова 28-октябрда Кыргызстанда порносайттарды толугу менен бөгөттөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда билдирди.
Депутаттын айтымында, мындай мазмундагы материалдар жашы жете электерге терс таасирин тийгизет. Ал тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга чакырды.
«Бул кадамга качан барабыз? Бөгөттөгүлө. Кимге керек болсо, сатып алсын», — деди депутат.
Санариптештирүү боюнча эксперт Марат Төрөбеков сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телекоммуникациялык тармактар аркылуу порнографиялык материалдарды таратууга байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Эске салсак, 2026-жылдын март айында Министрлер кабинети порнографиялык контент камтылган сайттарга жетүүнү чектөө тартибин бекиткен.