www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореяда төрөлгөн балдардын саны 26 ай катары менен өсүп, 2026-жылдын август айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги маалымдады.
Өлкөнүн Статистика министрлигинин маалыматына ылайык, август айында 23 703 ымыркай төрөлгөн. Бул 2019-жылдан берки август айындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Ал эми 2026-жылдын январь–август айларында өлкөдө 193 783 бала төрөлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5 пайызга өскөн.
Адистер мындай өсүштү никелердин көбөйүшү, 30–39 жаштагы калктын санынын артуусу жана балалуу болууга болгон оң көз караш менен байланыштырышууда.
Ошол эле учурда Түштүк Кореяда төрөттүн жалпы коэффициенти 0,87 баланы түзүп, калктын санын миграциясыз туруктуу сактоо үчүн зарыл болгон 2,1 көрсөткүчүнөн кыйла төмөн бойдон калууда.