www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испанияда эки жүргүнчү ташуучу поезд кагылышып, кеминде 46 адам каза болгонун «ABC News» маалымдады.

Мадридден Севильяга багыт алган поезд менен «Iryo» поезди кагылышкан. Испаниянын Транспорт министрлигинин өкүлүнүн айтымында, «AVE» поезди «Iryo» поездин сүзгөн болушу мүмкүн. Анын кесепетинен төрт вагон рельстен чыгып, кулап түшкөн. Кырсыктан улам Мадрид—Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясындагы кыймыл убактылуу токтотулду. 

Маалыматка ылайык, негизги белги берүү системасындагы мүчүлүштүктү оңдоо менен алектенген мамлекеттик компаниянын кызматкери жакындап келе жаткан «Iryo» поезди тууралуу «AVE» поездине эскерткен эмес. Окуя болгон жерге 8 өрт өчүрүүчү топ жана 8 тез жардам унаасы жөнөтүлдү.

Последние новости