www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы көлөмдөрү темир жол аркылуу ташылып келе баштады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
Буга чейин Кытайдан күйүүчү май автоунаалар менен жеткирилип келген. Эми импорттун көлөмүн көбөйтүү жана жеткирүү булактарын кеңейтүү пландалууда.
Учурда Кыргызстан күйүүчү майды Россия, Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь жана Түркиядан да импорттойт. Өлкөдө дизель отуну боюнча абал туруктуу болгону менен, бензиндин жетишсиздиги байкалууда.