www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек–Ош автожолунун 125–139-чакырымдар аралыгында кар жаады. Жол тейлөө кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себип, учурда каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош–Сары-Таш–Эркештам автожолунун Талдык жана Тонмурун ашууларында да кар жаап жатат. Учурда жолго инерттик материалдар себилип, унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Ашууларда жол ачык.

Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда этият болууга, унаалардын ортосундагы аралыкты сактоого жана ылдамдыкты ашырбоого чакырды. Ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, сапар алдында унаанын техникалык абалын текшерүү сунушталат.

Последние новости