www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алдында өткөн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыйында министрлер ТМУнун алкагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталуучу документтердин долбоорлорун карашты.
Жээнбек Кулубаев түрк тарапка иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптешин Түркиянын улуттук майрамы — Республика күнү менен куттуктады.
Ошондой эле министр ТМУнун институционалдык потенциалын чыңдоонун жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз тарап уюмду мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экенин ырастады.
Жыйындын соңунда министрлер мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна сунушталуучу чечимдердин долбоорлорун жактырышты.