www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жүк ташуу менен катар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн да пайдаланылат. Темир жол пайдаланууга берилгенден кийин заманбап жүргүнчү поезддерин каттатуу жана жаңы вагондорду сатып алуу пландалууда.
Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, темир жол ишке киргенден кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда поезд менен түз каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда адистер келечектеги жүргүнчү каттамдарын иштеп чыгууда.
Долбоорго ылайык, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда поезддер саатына 140 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.
Ал эми курулуп жаткан Балыкчы – Кочкор – Макмал темир жолунда поезддердин ылдамдыгы саатына 110 чакырымга чейин жетери пландалууда.