www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги турак үйлөрдүн 80 пайызы жылытууга кошулду

Бишкекте «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган турак үйлөрдүн 80 пайызы жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу ишкананын маалыматына ылайык, саат 10:00гө карата белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, отканалардын 99 пайызы ишке киргизилди. Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын жана башка бюджеттик уюмдардын 100 пайызы, бала бакчалардын 98 пайызы жана мектептердин 97 пайызы жылытууга кошулду.

Керектөөчүлөрдү жылытуу системасына кошуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык маанидеги объектилерге жылуулук берилет.

Последние новости