www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков «Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун» ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылды. Депутаттын айтымында, «Халал» сертификаты бар айрым азык-түлүктөрдүн курамынан чочконун этин камтыган кошулмалар кездешкен учурлар бар.
Бул жагдай «Халал» сертификаттары канчалык деңгээлде көзөмөлдөнөрү жана алардын берилиши кандай талаптарга негизделери тууралуу суроолорду жаратууда. Анткени керектөөчүлөр мындай белгиге ишенип, азык-түлүктү тандашат.
Коомчулукта Мыктыбек Арстанбектин сертификат берүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу да сын-пикирлер айтылып келет. Демек, сертификат берүү жеке кызыкчылыкка айланган деген дооматтар расмий текшерүүнүн жыйынтыгы менен ырасталышы керек.
Депутат сертификаттардын мыйзамдуулугун жана азыктардын курамын текшерип, мыйзам бузуу аныкталса, тиешелүү чара көрүүгө чакырды.