www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-октябрында Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган кыргыз делегациясы Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн «Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик» аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун алдында Медербек Алиев Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын парламент жетекчилери менен биргеликте Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Форумда сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Борбор Азия элдерин кылымдардан бери орток үрп-адаттар, руханий баалуулуктар, ынак коңшулук мамилелер жана тынчтыкка умтулуу бириктирип келерин белгиледи. Ошондой эле азыркы геосаясий өзгөрүүлөрдүн жана глобалдык чакырыктардын шартында мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген аймактык кызматташтыкты бекемдөө маанилүү экенин айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүүнү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт.

Медербек Алиев мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин ролуна да токтолду. Ал парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык макулдашууларды ишке ашырууга парламенттик көмөк көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык туруктуулукту сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурду.

Форумдун жыйынтыгында Душанбе декларациясы кабыл алынды. Анда форумдун катышуучулары Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубаттай тургандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, кыргыз парламенттик делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Исманали Жороев, Азизбек Абдуллаев жана Азамат Исираилов да бар.

Последние новости