www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Испания Падышалыгынын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдайт.

«Испания Падышалыгынын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Испаниянын Мадрид — Севилья ылдам темир жол линиясында поезддердин кагылышуусунан кеминде 68 адам каза болуп, 179дей адам жаракат алган. Буга байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кырсык 28-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:30 чамасында Кастилия-Ла-Манчада болгон. 

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, бир поездде 146 жүргүнчү, анын ичинде бир бала, ал эми экинчи поездде 397 жүргүнчү болгон.

Последние новости