www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбаны Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.
68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык спортчу финалдык беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилип калды.
Мээрим Жуманазарова финалга чейинки беттештерде ийгиликтүү күрөш көрсөттү. Ал 1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту. Ал эми жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын күмүш медалына татыды.