www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Казакстандын президентинин жарлыгына ылайык, II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Мамлекеттик сыйлыкты ага Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин тапшырган.

Мирбек Атабеков бул сыйлык анын мындан аркы чыгармачылык жолунда чоң стимул болуп, ошол эле учурда жоопкерчилигин арттырарын белгиледи.

II даражадагы «Достук» ордени — Казакстан Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Бул орден казакстандык жана чет өлкөлүк жарандарга элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы, ошондой эле коомдогу өз ара ынтымакты сактоого багытталган үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат.

Последние новости