www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барып, европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрөнүн курулуш долбоору талкууланып, адистер менен биргеликте курулуш жүргүзүлө турган аймак жеринен каралды.

Долбоорго ылайык, курулуш иштерин 2026-жылдын ноябрь айында баштап, 2027-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Көпүрө курулуп бүтсө, дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, аны Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү каралууда.

Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин созулган экологиялык жөө жүрүү жолу уюштурулат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркында заманбап асма жол пайдаланууга берилип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Бул долбоорлор «Ала-Арчанын» туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө, жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Последние новости