www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Карапашовдун ишине чекит коюлабы?

Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Карапашовдун ишкерден 200 миң доллар талап кылууга шектелип кармалышы боюнча иш сотко өткөнү кабарланган. Эми коомчулук тергөөнүн жыйынтыгына гана эмес, соттун ачык-айкын жана калыс чечимине да кызыкдар.

Иштин создугушу ар кандай суроолорду жаратууда. Кылмышка шектелгендердин күнөөсү далилденеби же иш акыры жоопкерчиликсиз калабы? Мунун баарына соттук териштирүүдө так жооп берилиши керек.

Ошол эле учурда Карапашовдун СИЗОдогу өзгөчө мамиле жана камактагыларга карата зомбулук тууралуу билдирүүлөрү да көңүл сыртында калбашы зарыл. 

Башкача айтканда анын: “Эду, Арсен, Питолорду өзүнчө камерага отургузуп, бала-бакчага баргандай колунан жетелеп жүрүштү, өзгөчө мамиле жасалды. Алар СИЗОдо калтырап баса албай калышты. Анткени башкаларды сабап коркутуп, зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөндүктөн коркуу сезими болду окшойт, бизди дагы ошондой кылышат деп. Себеби ар бир ишемби күнү кечки саат 7де свет өчүп, эшиктер ачылып спецназдар кирип сабашчу Ташиев кеткенге чейин, ал кеткенден кийин токтоду, - дегени дагы укуктук баа бериле турган билдирүү. 

Эгер мындай фактылар болгон болсо, алар өзүнчө текшерилип, укуктук баа берилиши керек.

Последние новости