www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов» аттуу биографиялык тасманын башкы продюсери болгону айтылууда.
Кечээ, 8-октябрда Таласта тасманын жабык көрсөтүүсү өткөн. Анда Тимурлан Ташиев менен фильмдин режиссеру Каныбек Калматов чыгып сөз сүйлөгөнүн сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Тасманын маалыматында да Тимурлан Ташиев башкы продюсер катары көрсөтүлгөн.
“Айтматов” фильми Кыргызстанда 15-октябрда көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Ага кыргыз жана орус актёрлору катышкан.