www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчыга Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек маалымат берип, 2021-2026-жылдар аралыгында аткарылган иштерге токтолду.

Ал райондо инфраструктураны жакшыртуу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Анын маалыматы боюнча, өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өскөнүн маалымдады. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 млрд 50 млн сомго жеткирүү күтүлүүдө. Өсүш 161,8%ды же 61,8%ды түзөт. 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылдын ичинде райондун аймагында 36 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Алардын катарында автоклавдык газоблокторду өндүрүүчү завод бар. Жалпы көлөмү 1 млрд 200 млн сом болгон инвестициялар тартылган.

Анын маалыматына ылайык, ушул мезгил аралыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен 356 объекттин курулушу жүргүзүлүп, алар пайдаланууга берилген.

2021-2026-жылдары жалпы узундугу 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын ичинен 77,5 чакырымы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолгон мамлекеттик жолдор болсо, 59 чакырымы Өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолуп бүткөн ички жолдорду түзөт.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, Лейлек районунун бир шаарында жана 13 айыл аймагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Андан соң Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 2021-2026-жылдары жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 358 млн сом өздөштүрүлүп, 192 иш-чара өткөрүлгөнүн маалымдады. Бул мезгил аралыгында шаарда курулуш тармагында жалпысынан 19 долбоор ишке ашырылган. Жүзөгө ашырылган долбоорлордун ичинде - Сүлүктү шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине арналган көп кабаттуу үйлөрдүн капиталдык оңдоо бар. Оңдоо иштери аяктаган соң үйлөр пайдаланууга берилген.

Учурда инвесторлордун каражаттарынын эсебинен 250 орунга ылайыкталган И. Бектемиров атындагы № 8 мектептин, ошондой эле 384 орундуу Н.Кушматов атындагы № 9 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, мамлекет башчыга кошумча колдоону талап кылган долбоорлор тааныштырылды.

Презентациянын жыйынтыгында Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын экономикалык потенциалын чыңдоого өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Последние новости