www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Данияр Сатимов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин аталган кызматты Абдикарим Алимбаев аркалап келген. Ал 2026-жылдын 10-февралында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору кызматын ээлеген.
Ошентип, Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов Мамлекеттик чек ара кызматынын жаңы жетекчиси болуп келди.