www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жаранынан Казакстан аркылуу Кытайга алып өтүүгө аракет кылган алты алтын куймасы конфискацияланды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы транспорттук прокуратурасы билдирди.
Курамында 99%дан ашык алтыны бар куймалар аталган аял тарабынан «Кордай» өткөрүү пункту жана «Хоргос» эл аралык чек ара кызматташуу борбору аркылуу Кытайга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда табылган. Ал бажы көзөмөлүнөн качуу үчүн ар бир бут кийиминин таманынын алдына үчтөн куйма катып алган.
Казакстандагы сот жалпы салмагы 2,8 кг жана баасы 182,3 млн тенгени (35,1 миллион сом же 401,6 миң доллар) түзгөн алтын куймаларын сотко чейин конфискациялады. Алтын мамлекеттин кирешесине өттү. Соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирди. Сотко чейинки тергөө уланууда.