www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жеринде изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, ал эми көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталган.
Атайын инженердик шаймандардын жардамы менен жүргүзүлгөн өлчөөлөргө ылайык, жер көчкүнүн жылуу ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзгөн.
Көчкү коркунучу бар аймактын алдында эки турак үй, Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордону жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Учурда жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Доңуз-Ой тилкесинде жашаган эки үй-бүлө, жалпы 11 адам, эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.
Ошондой эле Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланма жол куруу иштери башталды.