www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн «Кумтөрдөн» 630 млн доллар уурдалганы тууралуу билдирүүсүн четке какты. Ал 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда бул дооматка комментарий берди.

“650 миң доллар десе да окшошто го. Ал “650 млн доллар” деп атат. Логиканы эле иштетип көргүлөчү. Мен “Центеррадан” 4-5 млрд долларлык “Кумтөр” компаниясын 100 пайыз тартып алып атсам, алар анан “силер алгыла” деп Акылбек (ред: Акылбек Жапаров) экөөбүзгө акча берип коёбу? Кичине башты иштетиш керек да”, - деди президент.

Жапаровдун айтымында, Бөлтүрүк «Кумтөрдү» башкарып турганда өзүнө 100 миң доллар айлык белгилеп, күйүүчү майды кымбат сатып алуу аркылуу пайда көргөн. 

Буга чейин Бөлтүрүк кенди жетектөөгө келгенге чейин Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана «Центерра Голддун» жетекчилери 630 млн долларды алып кетишкенин билдирген. Ал эми 2023-жылы сот Бөлтүрүктү коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган.

Последние новости