www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп ноябрь айында Азияга болгон сапарынын алкагында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Трамп Ким Чен Ын менен мамилеси жакшы экенин белгилеген.

Буга чейин АКШ лидери Ким Чен Ынды досу деп атап, анын өлкөсүнүн өзөктүк куралдары бар экенин эске алып, аны менен жакшы мамиледе болуу маанилүү экенин айткан.

The Wall Street Journal басылмасы август айында Вашингтон Пхеньян менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга даярданып жатканын жазган.

Последние новости