www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Буга байланыштуу жол тейлөө кызматтары жолдорго кум-туз аралашмасын чачуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №9 жана №36 жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери жолдордун коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү иштерди өз убагында аткарышты.
Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам ашуулардын айрым тилкелеринде унаалардын кыймылы жайлап, жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулардан улам майда тыгындар жаралган.
Министрлик айдоочуларды унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана жолго чыгар алдында техникалык абалын текшерүүгө чакырды.
Учурда жол тейлөө кызматтары жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштерин улантууда.