www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Студенттеринин стипендиялары көбөйөт

Кыргызстанда мамлекеттик окуу жайларында билим алган студенттердин жана окуучулардын стипендияларынын өлчөмү 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөртүүлөр кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окугандарга, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга тиешелүү болот.

Документте бул чечим билим алуучуларды социалдык жактан колдоону күчөтүү жана аларга материалдык дем берүү максатында кабыл алынганы белгиленген.

Министрлер Кабинетине жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү жана 2027-жылга, ошондой эле 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетти түзүүдө тиешелүү каражаттарды караштыруу тапшырылды.

Ошондой эле 2005-жылдын 19-январындагы мамлекеттик кесиптик окуу жайлардын студенттеринин жана окуучуларынын стипендияларын жогорулатууга байланыштуу мурдагы жарлык күчүн жоготту деп табылды.

Жаңы стипендиялардын так өлчөмдөрү жарлыкта көрсөтүлгөн эмес.

Последние новости