www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хуситтер АКШга сокку урарын айтып коркутту

Йемендик хуситтер АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясынын аларга каршы аскердик операцияларына кошулса, Жакынкы Чыгыштагы америкалык кызыкчылыктарга «тез жана оор сокку» урарын эскертишти.

Хуситтердин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бухайти Сауд Арабиясындагы мунай объектилеринин жана аэропорттордун кызматкерлерин ал жерлерден алыс болууга чакырды.

Бул билдирүү Эр-Рияддагы король Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган чабуулдан кийин айтылды. Маалыматка ылайык, окуядан кеминде 13 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алган.

АКШ президенти Дональд Трамп чабуулду айыптап, хуситтердин аракеттерин кабыл алынгыс деп атады.

Последние новости