www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.
Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, өнөрпоздордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун сапаттуу маданий эс алуусун уюштурууга шарттар түзүлгөн.
Ошол эле учурда Президент көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты.
Садыр Жапаров Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин баса белгиледи.
Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.
Президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини колдоп, ага кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин натыйжалуу ишин жолго коюуну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана жанрлардын, өнөр көрсөтүүлөрдүн түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу цирк программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.