www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө жетинчи космостук держава пайда болду. Ал биринчи жолу өз конструкциясындагы ракета менен космоско спутниктерди учурууга жетишкен Түштүк Корея болгонун Tengrinews.kz жазды.

Кечээ, 21-июнда Кохеунг космодромунан 200 тонналык Нури суюктук менен иштеген ракета учурулду. Илим министрлиги ракета бир нече спутникти жана төрт CubeSat космостук аппаратын Жердин төмөн орбитасына ийгиликтүү учурганын билдирди.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл жаңы мамлекеттик агенттикти түзүү аркылуу келечектеги космосту изилдөө программаларын толук колдоону убада кылып, «Биздин мекенибизден ааламга жол ачылды», - деди.

Өкмөт ракетанын техникалык ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун 2027-жылга чейин төрт кошумча учуруу менен жогорулатууну пландаштырууда.

Түштүк Корея азыр АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Япония жана Индияга кошулуп, салмагы 1 тонна же андан ашык спутникти орбитага чыгара алган жетинчи өлкө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости