www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-июнда мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу саат 9:00дө башталат.

“Ушул мезгилден баштап ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми “Мектепке электрондук кабыл алуу” АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эскерте кетсек, каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында жүргүзүлөт.

Техникалык колдоо номерлери: +996 (312) 98 89 40, 119

Булак: NazarNews.kg

Последние новости