www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кытайдын Коммунисттик партиясы өлкөнүн председатели катары менен эки мөөнөттөн ашык бул кызматты ээлей албайт деген формулировканы конституциясынан алып салды. Мындан ары Асман алдындагы өлкөнүн кандай башчысы болбосун каалашынча башкара берет, ал эми азыркы лидер жөнүндө айта турган болсок, ал өмүр бою башкара турганын бардыгы айтууда. Анан калса, конституция дал ушул Си Цзиньпин үчүн өзгөртүлгөндүгүн эч ким жашырган жок. Ата мекен алдында сиңирген кайсы эмгеги үчүн жолдош Си мөөнөтсүз башкаруу артыкчылыгына ээ болду? Чынында өзүнүн жетекчисине кытай элинин мамилеси кандай? Анын атасы кытай ГУЛАГында эмне үчүн дээрлик жыйырма жылча олтурган? Кытайдын лидеринин чечимдерине таасир этүүчү аял кандай болду экен?

Башкы жана негизги

Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин азыркы генералдык секретары, Кытай Эл Республикасынын төрагасы, Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы… Ал эми эл Си Цзиньпинди “башкы” же “негизги”деп коюшат. Ал 2013-жылдын 13-мартында ушундай аталып калды жана дароо эле катаал реформалары менен атагы чыкты. Алардын эң негизгиси — партиялык тартипти жана идеологияны күчөтүү, өлкөнүн ички биримдигин пропагандалоо жана жарандык коомго басым жасоо. Мындайча айтканда, ички-тышкы тартипти кемөөчтөдү. Башкы лидер интернеттеги цензураны өтө тез орнотту, ошол эле учурда ал эркин соода жүргүзүүнү жана глобалдаштырууну колдойт.

Жолдош Синин ишмердигинин башкы багыты – коррупцияга каршы күрөш,ал өзүнүн саясий карьерасынын башталышында ошонусу менен аты чыккан.  Бул ага элдин ишенимин жана урматтоосун арттырды.

Кытай бүгүн – дүйнөдө калкынын саны эң көп өлкө. Бир жарым миллиард калктын урматтоосуна татуу өтө кыйын, бирок кытайлыктардын көпчүлүгү чынында аны урматташат. Төраганы эл бөтөнчө улуттук баалуулукту барктагандыгы үчүн сыйлашат. Ал муну “Кытай кыялы” концепциясы менен бириктирди. “Бардык өлкөлөр бирдей укукка ээ шайма-шай дүйнө”, “Согушка, жакырчылыкка, конфронтацияга орун жок, бирок кызматташууга жана өнүгүүгө орун бар” – Си Цзиньпин өзүнүн кыялын ушундай түшүнөт.

“Ар түрлүү пикирде болуп туруп, бир пикирге келүү”, “Бардык иште акыйкатчылыкты артык саноо”, “Өз кары-картаңдарыңды, ошондой эле башкалардын кары-картаңдарын да сыйла, өз балдарың жөнүндө, ошондой эле башкалардын балдары жөнүндө да камкордук көр”, “Жакырчылыктан коркпо, теңдсиздиктен корк” – Конфуцийдин трактаттарындагы ушул жана башка цитаталарды Си Цзиньпин эң көп келтирет. Ал Конфуцийди жатка билгендей түшүнүк калат.

Кытай лидери ошондой эле Марксты, Энгельсти, Ленинди, Мао Цзэдунду ийне-жибине чейин үйрөнгөн. Голливуддук фильмдерди да! Болгондо да, ал америкалык кинону англис тилинде көрөт, анткени Си Цзиньпин англисче таза сүйлөгөн биринчи кытай саясатчысы. Анын жакшы көргөн фильми – “Жоокер Райанды сактап калалы”, анын айтуусунда, “баалуулуктарга айкын көз караш, жакшылык менен жамандыкты туура айырмалоо, жана акыры келип, жамандыкта жакшылыктын жеңгендиги” жагат.

Си күнүгө кытайдын күжүрмөн искусствосу жана цигун дем алып, дем чыгаруу гимнастикасы менен алектенет. Бош убактысында орус классиктерин окуйт. Акылман, максатчыл, оор-басырык, сабырдуу жана даанышман саясатчы” деп жазышат европалык ММК, ал эми Ли Куан Ю, Сингапурдун министр-насаатчысы, аны Нельсон Мандело менен салыштырып, Си Цзиньпин «укмуштай эмоционалдык туруктуулукка ээ – өзүнүн чечимдерине жеке жагымсыз өйдө-ылдыйын таасир эттирбейт».

Анын негизги сапаттарына темирдей эрки, коррупционерлерге элдешпес мамилеси кирерин, ошону менен бирге Сини кытай элитасынын ар кандай группировкасы жактырарын көпчүлүк эксперттер айтышат. Таң каларлыгы, ушул өтө татаал, парадоксалдуу сапаттар анын өтө жаш чагында эле болгондугунда.

Үй-бүлөлүк кеңеш

Си Цзиньпин 1953-жылы Пекинде Си Чжунсюндун – Мао Цзэдундун эң жакын соратнигинин – үй-бүлөсүндө туулган. Азыркы Кытай лидеринин атасы революционер, коммунист болгон. Ал али бала кезинде эле комсомолго өтүп, кийин жашыруун компартиянын катарына өтүү менен, 20 жыл бою партизан отряддарына командачылык кылган. Бирок Си-атанын теги кедей дыйкандардан чыккан эмес, жер ээлеген чиновниктерден болгон. Кытай империясында аларды мандариндер деп аташкан, демек “мандарин” – “советник” дегенди билдирген. Булар билимдүү интеллигенттер болушкан жана миллиондогон жакыр дыйкандарды башкарышкан, өздөрү да айыл-кыштактарда жашашкан.

Си Чжунсюнь жаш кезинен жакырларга жан тартуучу, марксизмдин идеяларын жактырган, бирок ага карабай иштиктүү камбылдыгы бар эле. Ал коммунизмдин романтикасын жана эффективдүү менеджментти шылуундук менен айкалыштыра билген. Кытайда буржуйларды кубалап чыккан соң, КПКнын алгачкы жетекчилери чарба иштери, экономика жана финансы менен өздөрү ирише баштаган. Алардын ичинде Си-ата да болгон.

Синин энеси, Ци Синь, өзүнүн революционер-эринин, КПКнын ветераны, кадрдык кызматкердин берилген жан жолдошу эле. Ал Цзиньпинден башка эки кыз жана бир уул төрөп берди жубайына. Си Цинь, жубайы сыяктуу эле, узак өмүр сүрдү жана үй-бүлөдө кадыр-баркы артык адам катары саналчу. Алып айтканда, уулу жетекчи кызматтарга көтөрүлөрү менен, Ци Синь дароо үй-бүлөлүк кеңеш чакырды да, Си Цзиньпинге тийиштүү чөйрөдө бизнес жүргүзүүгө башка балдарына тыюу салды. Бул алардын үй-бүлөсүн тааныш-тамыр, коррупция менен жана туугандык байланышы бар деп эч ким айыптабас үчүн жасалган эле.

Эл душманынын уулу

Си 9 жашка чыкканда Кытайда репрессиялар башталды. Ал биринчи кезекте Маонун эң жакын адамдарын капшаптады. 1962-жылы Си Чжунсюну партияга каршы чагым чыгарган деп күнөөлөп, КЭРнын Мамлекеттик кеңештеги ишинен четтетишти. Элден мурда премьерлик кызматтан заводдун карапайым жумушчусуна чейин түшүрүшту, андан соң кесип жиберишти.

Дээрлик жыйырма жыл бою эски коммунист өмүрүн айдоодо жана лагерлерде өткөрдү. “Эл душманынын” үй-бүлөсү репрессиялык сыноону толугу менен башынан өткөрдү. 1969-жылы кенже-Сини Яньчуань уездиндеги жакыр кыштакка “кайрадан эмгекке тарбиялоо үчүн” жападан жалгыз айдашты. Ал жерде кытай элинин болочоктогу башкаруучусу ит көргүс шарттарда жашады. Үй ордуна – үңкүр, кровать ордуна – эки кирпич, туалет ордуна – чака. Репрессияланган адамдын уулу менен эч ким сүйлөшкүсү келбеди, андан алыс качышты, аны жергиликтүүлөр ызалашты.

Дээрлик 7 жыл Си бүргөлөргө таланып, оор кара жумушка чыдап, жалгыз жашады. “Биринчи жылы бир мүнөт да жамбаштап жата албадым жана дайыма сасык тумоодон арылбадым. Үңкүрдө астымды жумшактап жатыш үчүн жаан-чачынга карабай чөп жыйнадым, күндүз мал кайтардым, оор жумуштарды жасадым, айылдын ажатканаларын тазаладым”,-деп эскерет Си өзүнүн балалыгын. Бул Кытайдагы “маданий революциянын” учурунда кызматтарынан алынган партиялык көптөгөн ири босстордун балдарынын балалыгына өтө окшош эле. “Ошол жылдары ал кандай гана жумуштарды жасабады: жер айдады, көмүр ташыды, сууга бөгөт (дамба) курду, апкөч менен кык ташыды…

Жергиликтүү калктын көзү менен караганда ал 5 км тоолуу жолдо 50-100 кг буудайды ийнине көтөрүп, “быш” деп чарчап койбогон чыдамкай, иштемчил жакшы бала… Жашоо өтө оор болчу, бирок Си Цзиньпин ушул жерде биринчи жолу адам катары калыптануу мүмкүнчүлүгүн алды жана өзүнүн талантын көрсөттү”,- деп жазат ал жөнүндө ондогон жылдардан кийин “Кытай” журналы.

Албетте Си Цзиньпиндин кыйынчылыкта өткөн балалыгы кытай шайлоочуларын кайдыгер калтырбады. Карапайым адам кандай жашарын Си мыкты билери Кытайда көпчүлүккө маалым, анткени ал өзү көп жылдар бою кыйынчылыкта жашабадыбы. Таң каларлык иш, айдоодо жүргөн ошончо жылдарына карабай, өлкөнүн болочок башчысынын үй-бүлөсүнүн бирөө да Маркстын идеяларынан баш тартпады! Американын журналисттеринин жазганына караганда, “Си Цзиньпин репрессияларга жооп кылып, ого бетер “кызаргандан кызарды” (коммунисттик идеяга бериле берди – котормочунун түшүндүрмөсү – М. Т.) жана коммунисттик идеологияны кабыл алып, саясатка киришти.

1971-жылы ал комсомолго өттү, ал эми 1974-жылы, атасы али түрмөдө олтурганына карабай, Кытайдын Коммунисттик партиясынын катарына өтүп, ал турсун кыштактык партиялык уюмдун секретары болду. Көп өтпөй пролетардык квота боюнча Пекин университетинин химия-технологиялык факультетине кирди. Аны бүтүп, өзүнүн атасынын бир кездеги кол алдында иштеген адамдын башчылыгы алдында, Мамлекеттик кеңештин жана Борбордук аскердик кеңештин кеңсесинин катчысы болуп иштеди.

Ушул учурда үйгө атасы кайтып келди да, кайрадан баш-оту менен партиялык ишке киришти. Си Чжунсюнь, 1978-жылы Кытайды башкарып турган Дэн Сяопиндин жетекчилиги астында Гуандун провинциясынын губернатору болду. Бирок уулуна эч качан жардам берген жок. Кенже-Си өйдө-ылдыйы арбын өз жолу менен кетти.

“Мен Горбачев эмесмин”

1983-жылы Си КПКнын уезддик комитетинин катчысы болду, андан соң вице-мэрден губернаторго чейинки жолду басып өттү. Бул жерден ал биринчи жолу өзүн менеджер жана экономист катары көрсөттү. Тайвань аралына жакын жердеги бизнесмендер менен кызматташуу аркылуу өзү бийлик кылган жерлерди гүлдөтүүгө жетишти. Мындайча айтканда, Си өнүккөн бай өлкөдөн инвестиция келтире алды.

90-жылдардын акырында ал Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын депутаты болуп шайланып, аны менен катар аспирантурада окуду. Доктордук диссертацияны ал эми юристпруденция боюнча жактады.

2000-жылы коррупциядагы чатак бүткүл Кытайды дүңгүрөттү. Ага Си жетектеген провинциядан бир нече компаниялар катышкан эле. Ошондо аны генсек Цзян Цзэминь өзү суракка алган, анткен менен Си Цзиньпинь өзүнүн коррупциядан таза экендигин далилдеген болчу. Ошондон кийин дароо жаза баспас губернаторду көйгөйлүү зонага – бюрократтык өзүм билемдиги менен белгилүү болгон Чжэцзян провинциясына которушту. Ал жерде тартипти орнотооруна ишеништи. Си Чжэцзяндын коррупционерлеринин бардыгынын бетин ачты жана бирин калтырбай түрмөгө олтургузду. Бул анын атагын бүткүл Кытайга жайды жана жогорку бийликтин урматтоосуна жеткирди.

2006-жылы пенсиялык фондду Шанхайдын башчысы максатсыз пайдалангандыгы үчүн 18 жыл түрмөгө кесилгенде, анын ордуна изден тайбас Си Цзиньпинди дайындашты. Си Шанхайда да коррупционерлердин акесин окутту. Шанхай бюрократтарынын бир нече миңи анын айынан ушу бүгүн да түрмөнүн нарларында олтурушат.

Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги 2007-жылы жолдош Си Цзиньпинге дагы бир өтө татаал тапшырма беришти – ага Пекиндеги олимпиаданы өткөрүү жоопкерчилигин тапшырышты. Мындайча айтканда, өлкөдөгү барып турган чоң бюрократтык май талкандын өзүнө жиберишти. Си Цзиньпин өзү да бир юань алган жок, ал эми Олимпиаданын шарданы менен байыгысы келгендерди кенедей да аябады. Натыйжада бардык объекттерди өз убагында тапшырды жана көп өтпөй өзүнүн кызматтан жогорулагандыгын майрамдады – ал КЭРнын председатели Ху Цзиньтаонун орун басары болуп шайланды, ошону менен бирге анын потенциалдуу ордун басуучу болуп калды.

“Мен жаңы Горбачев болбойм жана өлкөнү ойрондоого жол бербейм” – жолдош Си ушул сөздөрдү 2012-жылы ноябрда, генсек болуп шайланары менен айткан эле. 2013-жылдын мартында ал Кытай Эл Республикасынын Төрагасы – мамлекеттин эң башкы адамы болуп калды.

Өткөн жылдын октябрында Си Цзиньпин бир добуштан экинчи мөөнөткө кайра шайланды. Каалашынча башкарууга ага мүмкүндүк берүү үчүн ал турсун Кытай конституциясы да өзгөртүлдү. Демек кытай эли Си Цзиньпинге ыраазы.

Феянын жубайы

Биринчи жолу Си Цзиньпин Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Кэ Линлиндин кызына 80-жылдардын башында үйлөнгөн. Кыз өңдүү-түстүү, билимдүү, бирок ээнбаш жана албууттураак болчу. Жаш жубайлар көп чырлашуучу жана бат эле ажырашып кетишти. Чалпоо Кэ Англияга кетти да, биротоло ошол жаккта калып калды.

Партиялык жаш чиновник бир топ жыл бойдок жүрдү. Акыры тагдыр аны Кытайдын эң белгилүү ырчысы ,элдик ырларды аткаруучу, теңдешсиз Пэн Лиюань менен жолуктурду. Бул никени ошол убакта тең эмес деп эсептесе болор эле. Жаш саясатчы, элеттик чиновник — жана кытай эстрадасынын жаркын жылдызы.

Суйсалган сулуу ырчы Си Цзиньпинге ишенди да, колун жана жүрөгүн сунду. Бир нече жыл Си Кытайда Пэн Лиюаньдын жубайы катары гана белгилүү болчу, анткени Пэн Лиюань 80-жылдарда эле атактуу ырчы эле да. Пэндин аткаруусуз бир да майрамдык программаны, бир да концертти элестетүү мүмкүн эмес эле. Ал эми эл алдында сиңирген эмгеги үчүн ырчы Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын генерал-майор наамын алган. Бүгүн Пэн – профессор, Кытайдын искусство Академиясынын жана Консерваториясынын аспиранттарынын илимий жетекчиси. Эл аны “Пиондордун Феясы” дешет, бул гүл Кытайдын символдорунун бири деп эсептелет. Кытайлыктар аны өтө жакшы көрөт. Ал эл алдына кийип чыккан кандай кийим болбосун дароо моданын акыркы азгырыгына айланат. Айта кетүү керек, кытайдын лидеринин аялы жупуну, бирок улуттук колоритти пайдаланып, шааниси менен кийинет.

Калк кызматындагы кандай адам болбосун көп учурда жеке турмушун курмандыкка чалууга туура келет. Кудурети күчтүү Си өзүнүн жалгыз баласы менен карым-катышын курман кылды – 1992-жылы Пэн экөөнөн Си Минцзэ деген кыз туулган. Атасы мансап жолу менен жогору кетер замат, кыз ата мекенинен алыстаган. Азыр ал атын өзгөртүп, Гарвардда окуйт жана ата-энеси менен сейрек көрүшөт. Окуусу өтө оор, анан калса жүрүш-турушу да ойдогудай эмес дешет.

Кытай лидеринин башка жакын туугандары да дүйнөгө чачырап тарап кеткен. Си Цзиньпиндин бир карындашы Канадада, экинчиси Австралияда, иниси болсо Гонконгдо. ”Блумберг” деген агенттиктин билдиргенине караганда, Кытайдын ири компанияларындагы бардыгы болуп 376 миллион доллар дал ошолорго таандык. Эгер баарына бөлө келсе бул анчейин деле чоң сумма эмес.

Бир жарым миллиард адамды башкарыш үчүн катаал мүнөз, кайышпаган эрк керек дешет эксперттер Си Цзиньпин жөнүндө. Бирок, экинчи жагынан алганда, кытай элине көңүлчөөктүк, тартиптүүлүк жана кечиримдүүлүк мүнөздүү. Ойлосоң төбө чачың тик турат, эгер Россиянын территориясында өкмөт “Гуглды жана “Фейсбукту” тыюу салып койсо эмне болмок. Ал эми кытайлыктардын көпчүлүгү ал турсун муну кубануу менен кабыл алышты.

Кытайдын интернетинде, басма сөзүндө, телевидениесинде, киносунда жана адабиятында да катуу цензура бар. Нааразы болгон, же өлкөнүн саясий лидерлерин шылдыңдаган маанайдагы сигналдардын бардыгына бөгөт коюлат, ал эми пайдалануучулар бийликке билдирилет. Айта кетели, бардык ММК жарым кылымдан бери Коммунисттик партиянын толук көзөмөлүндө. Ал тескери ой-пикирди эле эмес, зордук-зомбулукту жана сексти пропогандалаганды да көзөмөлдөйт.

Кытайдын телеберүүсүнөн кумарлана өбүшүүнү да көрбөйсүң, андан башкасын мындай коелу. А бир нече жыл мурда, информациялык технология өөрчүп-өсүп жаткан маалда, Кытайда-умаодан деген – жаңы кесип пайда болду. Бул чаттарга, блогдорго жана форумдарга көз салып турушкан жүз миңдеген майда интернетчелер, алар өкмөттү ким сындаса, алардын таш талканын чыгарышат. Ал эми өкмөткө сөз тийгизбей көтөрмөлөгөндөрдү макташат. Жаңы шарттарда алмашкысыз Си Цзиньпиндин жетекчилиги астында партия элди мына ушундай тарбиялоодо.

Таң каларлык, мына ушул адамды бардык чет элдик саясатчылар урматташат. Анан бир да кара ниет аны тиран же мансапкор деп атай албайт. Анан калса Кытайдын өзүндө да антип атоого оозу барчу адам табыла койбойт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости