www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасынын делегациясы иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди.

Сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун орун басары Н.Каимов менен жолугушуп, тараптар эл аралык укуктук кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн прокуратуралары ортосундагы аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине көңүл бурушту.

Мындан сырткары, Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында финансылык териштирүүлөр, кирешелерди адалдаштырууга каршы аракеттенүү, телекоммуникациялык алдамчылык менен күрөшүү, коомдук кызыкчылыктарды коргоо жана экологиялык багыттагы прокурордук көзөмөл маселелерине арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары практикалык тажрыйба алмашып, көзөмөл ишин өркүндөтүү жана кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Последние новости