www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагына караштуу Семиз-Көл айылында жайгашкан суу кампа объектисинде курулуш ченемдеринин жана белгиленген талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Жолдош-Курулуш” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча эскертүү берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти компанияларды курулуш объектилериндеги мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырат.