www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү өткөн жылы 50 пайыздан ашык өскөнүн президент Илхам Алиев билдирди.
Анын айтымында, Азербайжанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн капиталы катышкан 400дөн ашык компания иштейт. Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте инвестициялык фонддор түзүлгөн. Алардын ар биринин капиталы жүздөгөн миллион долларды түзөт.
Кызматташтыктын негизги багыттары — соода, транспорт, энергетика жана инвестиция. Азербайжан Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте жашыл энергетикалык коридор түзүү боюнча да иш алып барууда.